Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан суусу жактан жоголгон Камбар-Ата кичи шаарынын 10 жаштагы тургунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
«Токтогул районунун Бишкек – Ош унаа жолундагы Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен. Издөө ишине жалпы 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.