Чычкан суусуна унаа түшүп кетип, аял киши көз жумду (сүрөт)

Чычкан суусуна унаа түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1978-жылы туулган аял киши жабыркаган. Жабыркаган жана каза болгон жарандар Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.