Чүй облусунда 1-7-февраль аралыгында айдоочулар тарабынан 4 миң 730 жол эрежеси бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 47 айдоочу мас абалында болсо, 1 482 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдаган, 40 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Калган 148 унаа айып короого киргизилген.
Ошондой эле башкармалык жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырды.