«Чүй менен Бишкекке таратып жүргөн». Чүйдө унаадан ширеңкенин кутусуна салынган баңгизат табылды

УКМК Чүй ОИИБ менен биргеликте баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына ооган чарсын ташуу жана таратуу фактысы боюнча, кыргыз жараны айдап бара жаткан Субару Легаси В4 үлгүсүндөгү унаанын 1985-жылы туулган айдоочусу кармалган.

26-февралда Ысык-Ата районунун Ивановка айылында аталган жаран айдап бара жаткан унаанын ичинен 152 грамм салмактагы кара куурайдын өзгөчө жыты бар 10 ширенке кутусу жана 200 миң сомдон ашык акча табылган. Мындан тышкары, кармалган жарандын Бишкек шаарында жашаган үйүнө тинтүү иштеринин жүргүзүү учурунда 496 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Натыйжада алынган баңгизатынын жалпы салмагы болжол менен 650 граммды түзүп, 1 миллион 300 миң сомго жакын каражатты түзгөн.

Ал сатып алуучуларга Чүй облусуна жана Бишкек шаарына белгилүү өлчөмдөгү баңгизаттарды үзгүлтүксүз таратып жүргөн. Кармалган жаран камакка алынган.