Чүй облустук сотунун 2 судьясы ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүнүн алкагында 2-июлда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча ири суммада, 6 миң долларды опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын 2 судьясы А.Т.А. жана К.У.Ж., ошондой эле ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалды.

Камакка алуу учурунда судья К.У.Ж. кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөн.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н.дан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң долларды талап кылган. 6 миң долларды алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн.

3-июлда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен судьялар А.Т.А. жана К.У.Ж., анын ичинде соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК Жогорку Соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш алып барууда.