Чүй облусу боюнча башкы автоинспектордун кайсы иш менен кармалганы айтылды

Буга чейин Бишкек шаарында Чүй облусунун башкы автоинспектору Шаирбек Бопонов  кармалганы маалым болгон. УКМК анын “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайындагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деген шек менен колго түшүрүлгөнүн бүгүн билдирди. “Аталган жайда документтерди текшерүү деген шылтоо менен инспекторлор эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулардан 500дөн 5 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталды. “Актилек-автожол” аркылуу күн сайын 100дөн 200гө чейин автоунаа өтөт” деп жазылат маалыматта.

24-февралга дейре УКМКнын тергөө абагына киргизилген Шаирбек Бопоновдон сырткары Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын үч кызматкери да кармалганы маалым болду.