Чүй облусунда Ысык-Ата районундагы мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Жалпы 29 адам аныкталып жеткирилди, анын ичинен 11 адам кармалып, 18 адамга карата коомдук тартипти бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлдү.
2-январда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына Ысык-Ата районунун айыл аймактарынын биринин борборунда ар кайсы айылдардын жаштарынын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган факты мыйзам чегинде катталып, окуя болгон жерге Чүй ОИИББнын тергөө-ыкчам тобу жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери ыкчам жөнөтүлгөн.
Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар бардык адамдар аныкталган. Жалпы 29 адам Чүй ОИИББна тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзү үчүн жеткирилген. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, чатак айылдагы бир дүкөндүн унаа токтоочу жайында бир автоунаанын айдоочусу менен экинчи автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн ортосунда унаа токтотуучу жайга байланыштуу пикир келишпестиктен чыгып, сөздөр талашына айланып, андан ары чатакка чейин күчөгөн. 11 адам кармалды: Б.Л. 1987-ж.т., Б.Р. 1977-ж.т., Б.А. 2006-ж.т., Б.А. 2005-ж.т., Б.Т. 2005-ж.т., А.С. 2006-ж.т., Б.М. 1982-ж.т., М.С. 1998-ж.т., Т.Ф. 1992-ж.т., В.Р. 1997-ж.т., С.У. 1991-ж.т.. Мындан тышкары, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 18 адамга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протоколдор түзүлдү. Алар: Х.Х. 1998-ж.т), С.И. 2004-ж.т., Ш.М. 2002-ж.т., Ш.И. 1999-ж.т., Ф.Р. 2003-ж.т., И.М. 2007-ж.т., С.А. 2005-ж.т., Н.А. 1999-ж.т., И.Р. 1998-ж.т., Я.А. 1997-ж.т., Б.М. 1991-ж.т., М.И. 1991-ж.т., Л.Г. 1993-ж.т., Б.М. 2000-ж.т., Л.Ю. 2006-ж.т., Е.Г. 2004-ж.т., Б.И. 2004-ж.т., М.И. 1992-ж.т.. Тергөө иштери улантылууда.