Чүй облусунда бир катар уурулук фактысына шектелген адам кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда бир катар уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө ушул жылдын март айынын башында Орловка шаарынын тургундарынын үйлөрүнөн уурдоо фактысы боюнча үч арыз келип түшкөн. Анда арыз ээлери бир үйдөн жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн алтын буюмдарды уурдап, дагы башка үйдөн  50 миң сомдон ашык акча, ошондой эле баалуу буюмдарын уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында кылмышка шектелип 56 жаштагы жаран кармалды.

«Бардык билдирүүлөр Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышкерлер үйлөргө желим терезелерден киришкени белгилүү болгон. Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин текшерүүдө”,- деп айтылат маалыматта.