Чүй облусунда да сел жүрдү (видео)

Кечээ, 23-апрелде Чүй облусунун айрым тоолуу райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чүй районунун Онбир-Жылга айылындагы Карагул капчыгайында сел жүрүп, суу каптаган. Селдин кесепетинен калк арасында жабыркагандар жок. Учурда абал туруктуу, суу каптаган аймактарда 1 фронталдык жүктөгүч жана 2 экскаватор иштеп жатат. Ошондой эле нөшөрлөп жааган жаандан улам Бурана айыл өкмөтүндөгү Бурана дарыясы ташкындап, өз деңгээлинен ашып кеткен. Азыркы мезгилге карата Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдары арыктарды бир нече жолу тазалап, көпүрөнүн айланасын ирээтке келтиришти.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Чүй облусунун айыл өкмөттөрүнүн жана райондук администрацияларынын техникалары тартылган. Бул иштерге ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери да активдүү катышууда.