7-мартта болжол менен саат 11:04тө милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Торпок айылынын жанындагы талаадан эки эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Ак-Торпок айылы менен Петровка айылы ортосунда, Бишкек-Ош автожолунун 48-чакырымында жайгашкан айдоо талаасынын четинен зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар эки эркектин сөөгү табылган.
Маркумдардын ким экендиги такталганда, алар 1999-жылы туулган Д.Д. жана 2003-жылы туулган К.Б. экени аныкталган. Ошондой эле Д.Д. 1-марттан бери Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон адам катары изделип жатканы белгилүү болгон. Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташкан. Алар: К.О. (2001-жылы туулган), С.Б. (2007-жылы туулган), М.Б. (2005-жылы туулган) жана С.У. (2006-жылы туулган). С.Б., М.Б. жана С.У. Баткен облусунун Кадамжай району аймагында кармалып, Чүй облусунун ИИББсына жеткирилген. Алар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот алардын баш коргоо чарасы катары 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Негизги шектүү К.О.нун жүргөн жери аныкталбай, ал издөөгө жарыяланган.
Тергөө учурунда М.Б.нын Кадамжай районуна караштуу Алга айылындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө К.О.нун атына жасалма Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматтык күбөлүгү, ошондой эле милициянын лейтенант наамындагы погондору бар формасы табылган.
Тергөөдө аныкталгандай, 25-февралда шектүүлөр алдамчылык жолу менен жабырлануучулар Б.К. менен анын таанышы Д.Д.ны ижарага алынган батирге алып барышкан. Ал жерде аларды сабап, акчасын жана iPhone 13 менен iPhone 15 уюлдук телефондорун тартып алышкан. Кийин бул телефондор ЦУМ жана Берекет Гранд соода борборлорунда сатылган. Андан кийин жабырлануучулар батирде тамак бербей кармалып турган. 26-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында шектүүлөр алардын колдорун скотч менен байлап, көздөрүн таңып, К.О. ижарага алган Hyundai Sonata унаасы менен Бишкек-Ош автожолу аркылуу алып чыгып кетишкен.
Петровка менен Ак-Торпок айылдарынын ортосунда алар жабырлануучуларды талаага чыгарып, өзгөчө мыкаачылык менен сабап, муунтуп өлтүрүшкөн. Кылмыш жасалгандан кийин денелерди талаанын ичкери жагына алып барып ташташкан жана окуя болгон жерден качып кетишкен. Жолдо баратып Ак-Торпок жана Бекитай айылдарынын аймагында жабырлануучулардын кийимдери менен бут кийимдерин жол жээгине ыргытышкан.
28-февралда кылмыштын изин жашыруу максатында шектүүлөр Кадамжай районундагы Алга айылына кетишкен. 9-мартта Ош облусунда бул кылмышты уюштурган негизги шектүү К.О. кармалып, ал да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.