Чүй облусунда киши өлтүргөн өспүрүмгө карата сот өкүм чыгарды

иллюстрация

Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелген өспүрүмгө карата сот өкүм чыгарды. Ал жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Панфилов райондук сотунун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, 14-июнда саат 00:15 чамасында 17 жаштагы өспүрүм менен 57 жаштагы киши көчөдө чырдаша кетишкен. Алар мурда бири-бирин таанычу эмес. Өспүрүм мас абалында болгон, кайым-айтыш мушташка айланып, өспүрүм кишини бетине бир нече жолу урган. Кишинин жыгылганына карабастан, өспүрүм аны тепкилей берген. Алган жаракатынан улам адам ошол жерде каза болгон.

Соттук отурумда айыпталуучу өзүнө коюлган айыптар боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал ошол күнү достору менен спирт ичимдик ичкенин айткан. Ал үйүнө кайтып келе жатканда, алдынан ак көйнөкчөн киши чыгып, арак сатып берүүсүн талап кыла баштаган. Жигит акчасы жок экенин айткан. Киши өспүрүмдү бетке чапкан. Өспүрүм ага жооп кылган. Жыйынтыгында айыпталуучу киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 50 миң сом айып салуу менен жети жылга эркинен ажыратылган.