7-мартта Аламүдүн РИИБге Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында ошол күнү саат 00:30 чамасында Кара-Жыгач айылынын бир үйүндө А. аттуу жаран анын 1965-жылы туулган Б.Б. аттуу атасына дене жаракаттарын келтиргенин билдирген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Натыйжада Б.Б.ге оор дене жаракаттары келтирилип, учурда ал 4-шаардык ооруканасында дарыланууда. Бул факты боюнча КЖКнын 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, 1964-жылы туулган И.А. аттуу шектүү жаран аныкталып, ИИБге жеткирилген. Ал КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштери улантылып жатат.