Чүй облусундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Жайыл районундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-февралда саат 19:07 чамасында ӨКМдин №22 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 60-65 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.