Чүй облусундагы тоо бетиндеги чыккан өрттү 177 адам өчүрүп жатат

Бүгүн, 30-августта таңкы саат 8:30га карата Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылындагы тоо бетинде өрттү өчүрүү иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жетекчилигинде 59 куткаруучу, токой кызматынан 118 кызматкер, жалпы 177 адам чыгышты.

Тоо бетиндеги ири өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Чүй башкармалыгына караштуу райондордун куткаруучулары, өлкө аймагындагы Токой кызматына караштуу 15 токой чарбасынын токойчулары катышууда.

17-августта Берт-Булак, Куржылга, Көгөн капчыгайларында кургак чөптөн тилсиз жоо чыгып, өрттү өчүрүү иштери жүрүп жаткан. Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өрт өчүрүүчүлөр көбөйтүлүп, кечээ 100 адам тоо бетинде нөөмөткө калышкан.