Чүйдүн Жайыл районунда ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелип 53 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында Жайыл РИИБине 1980-жылы туулган Ставрополовка айылынын туругуну арыз менен кайрылган. Арызында анын 1986-жылы туулаган Б.А. аттуу карындашын белгисиз адамдар ошол эле айылдын көчөлөрүнүн биринен ур-токмокко алып, андан соң суу жегине таштап кеткендигин билдирген. Натыйжада анын карындашы ар кандай жаракаттары менен аймактык оруканага жеткирилген.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары мурун да оор кылмыш менен соттолгон 1968-жылы туулган У.В. инициалындагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
«Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Материал боюнча баардык экспертизалар дайындлын анын жыйынтыгы 2021-жылдын январь айындан дайын болуп, ага ылайк жабырлануучу оор жаракат алганы белгилүү болгон. Сотко чейинки иш өндүрүшүндө мурун катталган кылмыш иши Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) которулган»,- деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтын негизинде бул кылмыш эки аялдын мас абалындагы кызганычтын айынан пикир келиспештиктен болгондугу аныкталган.
Учурда тергөө иш амалдары улантылууда.