Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси УКМК тарабынан кармалды

Бишкек шаарында Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси УКМК тарабынан кармалды.

Маалыматтарга караганда, ал 25-декабрь күнү суракка чакырылган соң кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында экендиги айтылууда. Анын кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу белгисиз. УКМК расмий маалыматты кийинчерээк берерин билдирген.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын Шаирбек Бопонов 2020-жылдын февраль айынан бери жетектейт. Ага чейин үч жылдай Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болгон.