Чүй прокуратурасынын башкы адиси 20 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Башкы прокуратуранын Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кечээ, 23-июнда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси А.У.Р. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 50 миң доллар опузалап талап кылган.