Чүйдө 119 миллион 937 миң сомду түзгөн мурдагы колбаса ишканасы мамлекетке өттү

Чүй облусунда базар баасы 119 миллион 937 миң сомду түзгөн колбаса азыктарын өндүрүүчү ишкана болгон аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 миллион 937 миң сомду түзгөн мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган. Учурда УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.