Чүйдө 12 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп кетти (сүрөт)

Көлмөгө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Жайыл районунун Полтавка айылында болгон. Анда көлмөгө 2009-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл райондук №22 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.