Чүйдө 12 жыл мурда менчиктелген мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук талаптын негизинде 4 миллион 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.