Чүйдө 14 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип өз апасы кармалды

Адам өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2 мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ кечинде Жайыл РИИБге медициналык тез жардам кызматы тарабынан маалымат түшкөн. Алар Ново-Николаевка айылындагы үйдөн 14 жаштагы баланын денеси табылганы, күч колдонулган белгилер бар экенин айтышкан.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышкан. Алдын ала божомол боюнча, баланын мойнуна бычак тийген. Бул факт адам өлтүрүү беренеси менен катталып, Чүй ОИИБ менен Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 36 жаштагы Т.В. кармалды. Ал маркумдун апасы. Тергөө уланып жатат.