Чүйдө 2008-жылы туулган кыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-июлда Токмок ШИИБге Токмок шаарында салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн кулаган кыз тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 2008-жылы туулган кыздын жансыз денесин табышкан.
Аталган факты каттоого алынган. Учурда окуянын бардык жагдайларын териштирүү иштери жүрүп жатат.