Чүйдө 15 жаштагы кыз 26 жаштагы жаран менен жыныстык катнашка барганын айткан. Шектүү кармалды

Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

13-декабрь күнү Сокулук РИИБге Новопавловка айылынын 1984-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгында анын 15 жаштагы кызын 26 жаштагы жаран зордуктаганын билдирген. Бул факты Жазык кодексинин 157-беренеси (он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен Инстаграм социалдык түйүнү аркылуу таанышып, 6 ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын билдирген. Кийин ал бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон.

Милиция кыззматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 1995-жылы туулган кармалды. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.