Чүйдө 15 жаштагы кыз сабалган. Кылмышка 18 жаштагы жигит шектелүүдө

Чүйдө 15 жаштагы кыздын денесине залал келтирген делген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка карганда, 4-апрель күнү милицияга 43 жаштагы Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-апрелде Токмок шаарындагы мектептин аянтында 2007-жылы туулган кызын бейтааныш жигит тээп, уруп денесине залал келтиргенин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 136-беренеси менен (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кыздын ден соолугуна жеңил залал келтирилгендиги аныкталган. Кылмышка шектелип, Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалып, тергөөгө жеткирилди.