Чүйдө 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Чүйдө өгөй кызын зордуктоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-майда Сокулук РИИБге 1981-жылы туулган жергиликтүү тургун кайрылып, күйөөсүнө чара көрүп берүүнү суранган. Ал кызматкерлерге күйөөсү тарабынан 2006-жылы туулган кызы зордукталганын айткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 164-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, милиция кызматкерлери арыздануучу жаран күйөөсү менен 2012-жылдан бери чогуу жашарын, алар аялдын 2006-жылы биринчи турмушунан төрөлгөн кызын тарбиялап жатканы маалым болгон. Кылмышка шектелип 1986-жылы туулган жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыпты четке кагууда. Керектүү экспертизалар дайындалган.