Чүйдө 15 жаштагы кыздын мас абалынан пайдаланып, 16 жаштагы өспүрүм жыныстык катнашка барган

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Кантта 15 жаштагы кыз 16 жаштагы өспүрүм тарабынан зордукталганан кийин күрөө тамырын кескенин жазып чыккан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдиришти.

18-апрелде Ысык-Ата РИИБге 1983-жылы туулган жаран кайрылып, 24-февралда анын 2007-жылы туулган кызы менен мейманканада жыныстык катнашка барган чала тааныш жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча тергөө башталган. Күбө катары кыз суралган. Ал бала менен 2021-жылдын октябрь айында Телеграмдан таанышып, достошконун айткан. 2022-жылдын 24-февралында кызды саат 13:00гө мейманканага чакырган. Кыздын мас абалынан пайдаланып, жыныстык катнашка барган.

Кылмышка шектелип, 2007-жылы туулган жаран аныкталган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кыз менен катнашка барганын, бирок кыздын макулдугу менен болгонун билдирген. Тергөө уланууда.