Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жаран 5 жылга эркинен ажыратылды

Кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн адам беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Москва райондук соту чыгарган. «Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин «адепсиз жоруктар» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Ал адам жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт», — деди ал. 

Буга чейин соцтармактарга 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын видеосу тараган. Ишти прокуратура көзөмөлгө алган. Кийинчерээк жарандын бөгөт чарасын карап, эркиндикке чыгарган сот төрагалыктан кеткен.