Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жаран. Сотто прокуратура шектүүнү камакка алууну суранат

15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу журналисттерге көзөмөл органынан билдиришти.

Маалым болгондой, 14-апрелде кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин “Адепсиз жоруктар” беренеси менен айыптал тагылган. Бул берене боюнча эркек киши беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Москва районунун прокуратурасы айыпталуучуну камакка алуу боюнча сотко өтүнүч менен кайрылган. Бирок соттун чечими менен арыз канааттандыруусуз калтырылып, айыпталуучу үй камагына бошотулган. Мамлекеттик айыптоо бул чечимге каршы Чүй облустук сотуна кайрылды. 20-майда бул иш боюнча тергөө аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бүгүн Чүй облустук соту бул иш боюнча тергөө аяктагандыктан, прокуратуранын арызын караган жок. Биринчи соттук отурум 31-майга белгиленди. Мамлекеттик айыптоо кайрадан шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизүүнү суранат», — деп айтылат маалыматта.