Ысык-Атада 16 жана 18 жаштагы кыздар көлмөгө чөгүп кетти (сүрөт)

Чүйдө эки кыз көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-июлда Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө 2003-жылы жана 2005-жылы туулган кыздар чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 18:03тө 3 куткаруучу чыгып, 18:59да жерине жетишкен. 2003-жылы туулган кыздын жансыз денеси саат 19:30да, ал эми 2005-жылы туулган кыздын жансыз денеси саат 21:10дө табылган. Жансыз денелер ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.