Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 2 айга камакка алынды

Бүгүн, 7-декабрда Сокулук райондук соту 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 31 жаштагы жарандын бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2 айга камакка алынган. «Бүгүн Сокулук райондук сотунун чечими менен шектүү жаран эки айга камакка алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталганын билдирген эле. Маалыматка караганда, кыздын атасы милицияга кайрылып, 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген. Ал эми бүгүн, 7-декабрда тургундар аксакалдар сотуна кайрылышып, шектүүгө айылдан көчүп кетүү талабы коюлду.