Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм унаа алдында калып көз жумду

9-ноябрь күнү саат 23:50дө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Горький көчөсүндө 2007-жылы туулган өспүрүмдү айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган. Кылмышка шектүү катары БМВ Х5 унаасынын 1997-жылы туулган айдоочусу кармалып, милицияга жеткирилген.