Чүйдө 17 жаштагы жигит адам өлтүрүүгө шектелип жатат

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринде 1997-жылы туулган жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, 20-декабрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкени аныкталган. Кесепетинен бири экинчисин өлгүчө сабап салган. Учурда тергөө уланууда.