Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы. «Алтын-Казына» ресторанынын ээси үн катты

Кечээ, 8-августта соцтармактарга видео тараган. Анда Чүйдөгү «Алтын-Казына» ресторанынын кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кыздын зордукталганы маалымдалган. Видеодо ресторандын ээси Махабат Мавлянова экени айтылган.

Ресторандын ээси соцтармактагы баракчасында окуя тууралуу үн катты. «Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө бул иштин бардык жагдайларын аныктап, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем. Бирок менимче, айрым түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. Акыркы 3 айдын ичинде Maryotel мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес.

Кунөөлүүлөр мыйзамдын өтө катаалдыгына жараша жазаланышын каалайм, бирок шектелген адамдарды айыптоодон мурун, тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек деп ойлойм. Анткени, күнөөсүздүк презумпциясы бар. «Алтын-Казына» ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт. Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок мен аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана сөзсүз жазаланышын талап кылабыз»,— деп жазды ал.
Бүгүн, 9-августта Чүй ОИИБ маалымат таратып, кылмышка шектелип 20 жаштагы жигит кармалганын билдиришти.