Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы. Кылмышка шектелип дагы бир жаран кармалды

Зордуктоо кылмыш иши боюнча тергөө убагында дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен бул кылмышка 1996-жылы туулган жигиттин дагы катыштыгы бар экендиги такталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө уланып жатат.