18 жаштагы жигитти сабоого шектелген 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-октябрда Жайыл РИИБге жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 18 жаштагы жигит сабалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган. Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү — Чүй облусунун 24 жаштагы тургунун кармашты.
Милициянын маалыматына караганда, шектүү «каралардын» идеологиясын тутунат жана аны далилдеген татуировкасы бар.