Чүйдө 18 жаштагы кыз каналга түшүп кетип каза болду

Чүйдө 18 жаштагы кыз каналга түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

«27-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында каналга (быстроток) 2004-жылы туулган А. кызы С. сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине жалпы 9 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар саат 18:30да каналдан кыздын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп билдирет басма сөз кызматы.