Чүйдө 19 жаштагы жигитти бычактаган деген шек менен 3 жигит кармалды

Панфилов районунда денеге оор зыян келтирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июль күнү болжол менен саат 05:55 чамаларында Панфилов РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык оорканага эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке Панфилов РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, ооруканадагы жарандын өзүгүн аныкташкан. Анын 2002-жылы туулган жигит экендиги такталаган.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБ жана Панфилов РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 2002, 2004-жылы туулган жигиттер кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү учурунда ичимдик ичип отурушкан эки топтогу балдардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишип, жыйынтыгында жабырлануучу бычактан жаракат алганы маалым болгон.
Учурда ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.