Чүйдө 2 адамдын спирт ичимдигин ичиши бирөөсүнүн өлүмү менен аяктады

Чүйдүн Аламүдүн районунда бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

21-январда 1984-жылы туулган жаран үйүндө 1975-жылы туулган жаран менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Сөздөн уруш чыгып, 1975-жылы туулган жаранды ашкана бычагы менен сайып жиберген. Алган жаракатынан жабырлануучу Тез жардам баргыча каза болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.