Чүйдө 2 жигит таксистти өлтүрмөкчү болгон. Айдоочу мойнуна сайылган бычак менен шектүүнү өлтүрө сайган

Чүй облусунда таксистке карата тоноо менен киши өлтүрүүгө аракет жасалган. Шектүүлөрдүн бири ошол жерде каза болуп, экинчиси кармалды.

18-апрелде саат 02:20 чамасында 1991-жылы туулган жаран өзүнүн Киа К-7 унаасы менен такси кызматын көрсөтүүгө чыккан. Ага 2005 жана 2004-жылы туулган жигиттер отуруп, Бишкектен Кашка-Суу айылына жеткирүүнү суранган. Айтылган жерге жеткенде унаанын арткы орундугунда отурган 2004-жылы туулган жигит айдоочунун мойнуна бычак сайып, качкан. Айдоочусу мойнуна сайылган бычакты сууруп алып, коргонуу максатында 2005-жылы туулган жигитке 2 жолу сайган. Ал ооруканага жеткиче каза болуп калган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду. 2004-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда. Ал эми айдоочунун аракети өзүн коргоо катары бааланууда.