Чүйдө 2 жыл мурун аялды өлтүрүп, баштыкка ороп каткан шектүү кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан эки жыл мурунку кылмыш ачыкка чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 16-сентябрында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган: 2023-жылдын 1-ноябрында саат 19:00 чамасында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанында 1962-жылы туулган жаран 1986-жылы туулган аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң, кылмыштын изин жашыруу максатында денени полиэтилен менен ороп, курулуш объектисинин аймагындагы контейнерлердин бирине жашырган. Кийин ал сөөктү унаасы менен алып чыгып, Чоң Чүй каналына ыргытып салган.

Ал эми маркум дайынсыз жоголгон деп саналып, изделип жаткан. Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, камакка алынды.