Чүйдө 2 кишинин сөөгү 9 жылдан кийин табылган окуя. Шектүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылды

2022-жылдын 10-май күнү Чүйдө 9 жыл мурда өлтүрүлгөн 2 кишинин сөөгү табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук соту менен байланышканыбызда, иш сотко өткөнүн айтышкан. 1-мартта редакцияга Ишеновдун жакыны болгон Кубанычбек Садыков кайрылып, кылмышка шектүүлөрдү сот өмүр бою эркинен ажыратсын деген талап коюп жатышканын айткан. Ал ошондой эле маркумдар 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновдун дос болгонун билдирген.

Бүгүн, 26-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кылмышка шектүүлөрдүн өмүр бою эркинен ажыратылганын билдиришти.