Чүйдө 2 кишинин сөөгү 9 жылдан кийин табылган окуя. «Шектүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылышы керек» дейт жакындары

2022-жылдын 10-май күнү Чүйдө 9 жыл мурда өлтүрүлгөн 2 кишинин сөөктөрү табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук соту менен байланышканыбызда, иш сотко өткөнүн айтышкан. Бүгүн, 1-мартта редакцияга Ишеновдун жакыны болгон Кубанычбек Садыков кайрылып, кылмышка шектүүлөрдү сот өмүр бою эркинен ажыратсын деген талап коюп жатышканын айтты. «4 айдан бери соттук отурум болуп жатат. Ошондон бери жабык эшик артында өтүүдө. 4 киши эле катышып жатабыз. Бүгүн соттун алдына да эки тараптын жакындары чогулуп, талабыбызды айттык. Сот бир шектүүгө аз жыл берип коет деп кооптонуп жатабыз. Иш ошондой багытта кетип бара жатат», — деди ал. Ал ошондой эле маркумдар 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновдун дос болгонун айтты.