Чүйдө 2 тургун диний-экстремисттик көз караштан баш тартты

Чүй облусунун тургундары диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган алдын алуу профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун 2 тургуну экстремисттик идеяларынан баш тартты.

Бирөөсү 2018-жылы жана экинчиси 2021-жылы “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун катарына тартылып, алар тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеологиясын пропагандалоо жана жайылтуу менен алектенип келишкен.