Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду (видео)

Чүй облусунда дары лабораториясы жок кылынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Дарылар даярдалган дары лабораториясы Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашкан. 25-октябрда ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн эки жараны синтетикалык препараттарды чыгаруу боюнча жер астындагы баңги лабораторияны уюштурууга шектелип кармалган.

Тинтүү учурунда кампанын тиркемесинде жасалма баңгизаттарды колго жасоочу лаборатория үчүн жабдылган бөлмө табылган. Баңги лабораториясында, салмагы 3 килограмм 790 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты салынган желим баштык, белгисиз суюктук толтурулган 25 канистр, ошондой эле атайын жабдуулар, бир нече аппараттар, насостор, таразалар табылган жана алынган, чака, колба жана ар кандай көлөмдөгү жана формадагы башка айнек идиштер алынган. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 425 килограммды түзгөн. Ошентип жалпы суммасы 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлган.

Баңги лабораторияны уюштурган жаран аныкталып, кампаны ижарага алгандыгы тастыкталган. Ал социалдык тармактар аркылуу синтетикалык баңгизатын өндүрүү үчүн материалдарды сатып алып алган. Андан кийин дагы бир жаран менен биргеликте дагы бир дары лабораториясын ачууну көздөшкөн. Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.