Чүйдө 20дан ашык банкомат жана терминалдарды талкалап, ири өлчөмдөгү акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-январда Токмак ШИИБге 1996-жылы туулган жаран арыз кайрылып, 5-январь күнү түнкү саат 02:00 чамасында белгисиз адам Токмок шаарындагы «Азия» дүкөнүндө жайгашкан терминалды бузуп, ичинен 1 миллион 200 миң сом акча уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, Чүй облусунун аймагында терминалдарды талкалап ичиндеги акча каражаттарын уурдап кеткен дагы жети факты катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш ишти козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүрзүлгөн ыкчам-иликтөө иштерин жүрүшүндө жогорудагы кылмыштарга шектүү жаран аныкталып, мурда ушул сыяктуу кылмыштар менен соттолгон жана Талас облусунун аймагында издөөдө жүргөн 1998-жылы туулган жаран экени такталган.
Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал кылмыштуу аракетин улантуу максатында өлкөнүн түштүк аймагына кеткени аныкталып, ошол эле учурда кылмышка шектүү Баткен облусунда белгисиз адамдар менен сүйлөшүп, акча алмаштыруу жайларына каракчылык кылууну пландап жатканы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери шектүүнү Кызыл-Кыя шаарында жүргөн жеринен колго түшүргөн.
Ал 21-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жеткирилип убактылуу кармоочу жайга киргизилген.