Чүйдө 22 жаштагы кызды ала качкан делген жигиттер кармалды

Чүйдө кыз ала качууга аракет кылган жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында болгон. Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кемин районунун Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Түшкөн маалымат боюнча жол тескөөчүлөр Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасын кармаган. Аталган унаанын ичинде 2000-жылы туулган кыз болгон.  Кыз ала качууга шектүүлөр 1994-жылы туулган жигит жана унаанын айдоочусу кармалып Кемин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.