Чүйдө 23 жаштагы жигит окуучунун телефонун тартып алууга шектелүүдө

Чүйдө окуучунун телефонун тартып алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июнда Жайыл РИИБге жаран кайрылып, анын 2008-жылы туулган уулунун Айфон 10Х телефонун тартып алган жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2000-жылы шектүү кармалган. Тергөө уланууда.