Чүйдө 23 жаштагы жигитти ур-токмокко алып, акча талап кылган шектүү кармалды

Чүйдө акча талап кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде Кемин РИИБге маалымат түшкөн. Анда 2002-жылы туулган жигит 19-апрелде бейтааныш адамдар аны ур-токмокко алып, акча талап кылганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган.

Шектүү катары 1978-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.