Чүйдө 23 жаштагы жигиттин унаасын айдап качып, башка бирөөгө сатып салган жаран кармалды

Чүйдө 23 жаштагы жарандын унаасын айдап качып, башка бирөөгө сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 23 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 30-сентябрда анын ак түстөгү Тойота үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, аларга мыйзам түрүндө чара көрүүнү сураган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (автотранспорт каражатын уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жаранды кармашкан, анын 1993-жылы жаран экендиги аныкталган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле жогоруда аталган жаран унааны башка жаранга сатканы маалым болгон. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.