Чүйдө 24 жаштагы келин ур-токмоктон каза болду. Шектүү катары жарандык жолдошу кармалды

Сокулук районундагы үй-бүлөдө чыккан чыр адам өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

11-декабрда милицияга Сокулук районунун аймактык ооруканасынан 1998-жылы туулган жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда Ново-Павловка айылынын тургуну, 1998-жылы туулган келин Сокулук районунун аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө ар кандай дене жаракаттары менен түшүп, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, каза болгону аныкталган. Аталган факты Сокулук РИИБге каттоого алынып, 130-беренеде көрсөтүлгөн (ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектелип, келиндин жарандык жолдошу 1992-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Тергөө уланууда.